Бүгүн, 4-октябрда Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатындагы беттешин баштайт. Мелдештин программасы Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтына жарыяланган.
Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү 55 жана 62 килограмм салмактагы спортчулардын таймашы менен башталат. Кыргызстандын курама командасынан алгачкылардан болуп учурдагы дүйнө чемпиону 62 кг салмактагы Айсулуу Тыныбекова килемге чыгат. Ал турнирдин 1/8 финалында япониялык Ноноко Озаки менен таймашат.
Улуттук курама команда мелдешке үч балбанды алып барган. Айпери Медет кызы (76 килограмм) 5-октябрда, ал эми Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) 6-октябрда күрөшөт.
Норвегиянын Осло шаарында Спорттун грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты 2-октябрда башталган. 10-октябрда жыйынтыкталат.