Өлкөдө коронавируска каршы вакцинадан бир дагы адам каза болгон жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
“Ар бири 7 күн аралыгында байкоодо болот. Министр катары коронавируска каршы вакцина алгандардын арасынан каза болуу фактысы катталбаганын билдирем. Токтогулдагы вакцинадан каза болду делген аял боюнча териштирүү болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал аял вакцина алып жаткан учурда пневмония менен ооруганы аныкталган. Вакцинага чейин эле анын өпкөсүнө суу толуп калган”, — дейт Бейшеналиев.
Эскерте кетсек, өлкө аймагында эмдөөдөн жалпы 1,5 млн адам өттү.