Коомдук ишмер, маркум Муртар Өмүракуновдун уулу Аскар Өмүракунов, атасы түптөп кеткен «Замандаш» партиясын жетектеп, Бишкек шаардык кеңешине аттанды. Бул тууралуу партиянын курултайына катышкан күбөлөр жарыялады.
Эске салсак, буга чейин Замандаш партиясын Жеңиш Молдокматов жетектеп келген. Жыл башында саясий көз караштар дал келбей калды деген жүйө менен, ал партиядан кеткен.
Январь айынын башынан тартып партиянын төрагалыгы, маркумдун уулу Аскар Өмүракуновго ыйгарылган.
Алдыдагы Бишкек шаардык кеңешин кайра шайлоодо Замандаш партиясы да ат салышып көрүүнү туура көргөн.
Партиянын курамында кимдер бар экендиги азырынча белгисиз.