7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Катардан келген адистер угуусу начар 29 балага акысыз операция жасашат

1214

Бүгүн,  КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кыргызстандык 29 бала үчүн акысыз операция жасоого байланыштуу маселени талкуулашты. Операция Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында катар жана кыргыз адистери тарабынан жасалат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Катар элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти операция – кохлеардык имплантация жасоо үчүн 23-июнда Катардан 3 жогорку квалификациялуу адистер келерин белгиледи. “Операцияга, андан тышкары, кохлеардык имплантацияга байланыштуу бардык чыгымдар катар тараптан каржыланат”, — деди элчи.

Белгилей кетчү жагдай, Катар мамлекети жалпысынан балдар үчун 150 кохлеардык имплант бөлөт. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 50 операция жасалат, калганы 2022-2023-жылдары жүргүзүлөт. Зарыл болсо кошумча дагы 50 имплант бөлүү мүмкүнчулүгү каралган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1215