Бүгүн, 14-июнь Ош шаарында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын катышуусунда, Ош шаардык кеңешине кайра шайлоо өткөрүүгө даярдык боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйында калаа башчысы Таалайбек Сарыбашев шайлоону таза өткөрүүгө мэрия жана анын структуралары милдеттүү экендигин эскертип, жетекчилерди шайлоого аралашпоого чакырды.
«Мэриядан бөлүнгөнмүн деп, шайлоо күнү барып олтуруп алып жатасыңар. Ошондой болбосун! Аймактык комитеттин төрага, төрайымдары шайлоону өткөрүү сиздердин моюнуңуздарда, тиешеси жок адамдарды, керек болсо мени да киргизбегиле!«, -дейт мэр Сарыбашев.
Эске салсак, өткөн жумада Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын мэрин кабыл алып, шайлоону таза өткөрүү боюнча расмий тапшырма берген.
Шайлдабекова берген маалыматка ылайык, Ош шаары боюнча БШКга 89 арыз келип түшкөн. Анын ичинде 9 арыз добуш сатып алуу боюнча.