Боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун белекке алган Камри үлгүсүндөгү унаасын Кара-Балта шаарындагы медресенин ректоруна тапшырып жаткан видео социалдык тармактарда тарады.
«Президент берген унааны атама белек кылдым. Өзүмө жаккан унааны сизге белек кылып жатам. Чын жүрөктөн алып коюңуз», — деди мушкер.
Ректор баш тарткан, бирок кайра ал өзүнүн унаасын Мунарбекке белекке берди.