7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто Апас Жумагуловдун 90 жылдыгы белгиленип, экс-премьер-министрлер катышты

170

Чүй облусунун Токмок шаарындагы маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага КРдин мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат
Жумагазиев, Апас Жумагулов, Экс-премьер-министрлер Амангелди Муралиев, Темир Сариев, Жоомарт Оторбаев, Турсунбек Чынгышов, бир катар саясий жана коомдук ишмерлер катышты.

Алгач Апас Жумагуловдун ишмердүүлүгү тууралуу кыска метраждуу тасма көрсөтүлдү. Анда Апас Жумагуловдун баскан эмгек жолу баяндалып, учурунда бирге иштешкен замандаштары Турдакун Усубалиев, Чынгыз Айтматов, Николай Рыжков сыяктуу залкарлардын Апас Жумагулов туурасында берген маектери көрсөтүлдү. Ошондой эле, Апас Жумагуловдун ысымы Токмок шаарындагы жаштар аллеясына ыйгарылды. Муну менен катар ал Чүй облусунун ардактуу атуулу төш белгиси менен сыйланды. Иш-чаранын алкагында КРдин эмгек сиңирген артисттери катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Апас Жумагулов 1934-жылы 19-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында туулган, учурда Чүй
облусунун согуш жана эмгек ардагерлеринин төрагасы.

Булак: Турмуш

 

171