Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу бүгүн, 24-августта үйлөндү. Ал соцтармакта жубайы менен түшкөн сүрөт менен бөлүшүп, төмөндөгүлөрдү билдирди:
“Бүгүн мен үчүн дагы бир Кудайымдын буйурган жакшы күндөрүнүн бири. Жубайлуу болуп, эки дүйнө бактылуу болууга аттандым. Ажообуз айткандай,ысырапкорчулукка жол бербөөгө кошуламын жана силерди да чакырамын. Үйлөнүү тоюм шарият жолунда жана үй шартында болуп өттү. Баарыңыздарга бекем ден-соолук жана бакыт каалаймын. Мамлекетибиз дагы өнүгө берсин”,-деди ал.