2024-жылдын 18-августунан 24үнө чейинки окуялар тууралуу саясат таануучу Эмил Каниметов менен маек.
– Мамлекеттин экономикасы көтөрүлүп, элдин жашоосу жеңилденгени, албетте, баардык жагынан жакшы, мындай абал тууралуу биз мурда кыялданып гана жүргөнбүз, бирок мамлекеттик машина ушул багыттан тайып кетпейби жана экономикалык жетишкендиктерди толугу менен элге кызмат кылганга пайдаланабы деген маселе азыр негизги болууда. Жалпы элдик кызыкчылыкты көздөгөн туруктуу социалдык система түзүү эми негизги максат болобу деген маселе азыр жалпы элдин көңүлүндө.
– Кыргызстандан сыртта азыр бир миллиондон ашык адам жүрөт, өлкөнүн азыркы экономикалык жетишкендиктеринен пайдаланып, мигранттарды кайрадан мекенине кайтарып, аларды жумуш менен камсыз кылуу маселеси күн тартибине чыгууда. Америкада, мисал үчүн, кара жумушта эле иштеген кыргыз жигиттери айына миңдеген доллар акча таап жатат, алар өз күчү менен акылын пайдаланып, Кыргызстандын өзү үчүн пайдаланып мекенин өркүндөтсө, канчалык жакшы болоор эле.
– Билим берүү системасын советтик системадан баш тартып, заманбап нукка буруу аракеттери мурдагы бийликтер учурунда көрүлгөн, бирок аягына чыгарылган эмес. Азыр жаңы аракеттер көрүлүүдө, бирок 30 жыл ичинде билим берүү системасы ушунчалык кыйрандыга учурагандыктан, аны оңдоо кыска мөөнөттө мүмкүн эмес, бирок түзүлгөн абалды оңдош керек. Эң негизги маселе – жаштарды тарбиялаган мугалимдерди даярдоо системасы бузулган, эң биринчи кезекте ушул маселени чечиш керек…
Жуманын негизги окуялары:
– 19-августта Акылбек Жапаров президенттик администрациянын жыйынын өткөрүп, ички дүң өндүрүм азыр 14 млрд доллар болуп, киши башына туура келген өндүрүм 2 миң долларга жетип калганын билдирди.
– Салык кызматынын айтымында, 7 айдын ичинде мамлекеттик казынага мурда жашырылып калган 5 млрд 685 млн сом кайтарылды.
– 19-августта Бишкекте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча мекеме аралык комиссиянын биринчи жыйыны болуп өттү.
– Биринчи айым Айгүл Жапарова 22-23-августта Улан-Батор шаарында өткөн Аялдардын дүйнөлүк форумуна катышып келди.
– Маданият министрлиги – чоң аянттарда оюн-зоок уюштурууга керектүү жабдыктарды 4 млн долларга сатып алды, мурда андай жабдыктар ар бир майрамда 2 млн долларга ижарага алынчу экен.
– Эл аралык жарандык авиация уюму азыр Манас аэропортунда аудит жүргүзүп жатыптыр, ал ийгиликтүү аяктаса, кыргыз авиациясы европалык «кара тизмеден» чыгышы мүмкүн.
– Улуттук илимдер академиясынын имаратын оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат – 70 жыл ичинде имарат ремонттолбоптур.
– Орусиянын «Российская газета» жазганына караганда, Орусияда өндүрүштө иштеген эмгек мигранттарынын айлыгы 40 пайызга жогорулады – жыл башында алар айына орто эсеп менен $1100 тапса, азыр $1600 алып калыптыр.
– Орусиянын депутаттары жана башка жетекчилер эмгек мигранттарына каршы ар башка сунуштарды айтып жатат – соттолгондор өлкөдөн чыгарылсын же алар үй-бүлөлөрүн Орусияга алып келбесин деген сыяктуу.
– Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыяланып, анын эки орун басары кечээ күнү жумуштан алынды. Батыш санкцияларынан кутулуу максатында айрым кыргыз банктары акыркы күндөрү Орусиянын банктары менен кызматташууну чектей баштаган.
– Жогорку кеңештин дагы бир депутаты – Мейкинбек Абдалиев өз ыктыяры менен мандатын тапшырып, Борборшайлооком анын ордуна Арсланбек Эгембердиевди депутат кылды.
– Кара-Кыргыз автономиялуу облус түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата Улуттук банк 10 сомдук күмүш тыйын чыгарды.
– Бишкектеги Улуттук көркөм музейде 20-августта ала-кийиздер көргөзмөсү ачылды.
– Кыргызстандын курама тайпасын Париждеги Паралимпиадага узатуу жөрөлгөсү болуп өттү – мелдештер 28-августта башталат. Кыргызстандын намысын 4 спортчу коргойт.
– Бишкек мэриясынын сунушу менен шаардын борбордук аймагында машине токтотуп коюу биринчи саатта 24 сом, андан кийин ар бир саатка 40 сомдон кем эмес болоору күтүлүүдө.
– Мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүү менен кошо Билим берүү академиясы 5 баллдык баа коюунун ордуна 10 баллдык система киргизилет деп билдирди, бирок Билим берүү министрлиги аны кийин жокко чыгарды.
– Гимназия жана лицей деген мектептердин макамын жоюп, аларды кадимки мектепке айлантуу иштери уланууда. Өткөн окуу жылында Бишкекте 37 өзгөчө мектеп иштеген экен, алардын он биринин макамы алынды.
– Көлдө сел жүрүп, түндүк дагы, түштүк да жээгинде бир нече айыл жабыркады, беш жүздөн ашык кожолукка зыян тийди.
– KG Group курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовдун иши сотко өткөрүлдү, бийликти күч менен басып алууга даярданган деген күнөө менен ал апрелде кармалган.
– Жогорку кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков УКМКга чакырылып, 22-августта сурак берип чыкты.
– Ташкөмүр шаарынан алыс эмес жерде немис археологдору мындан 165 млн жыл мурда жашаган жана илимге белгисиз динозаврдын сөөгүн таап, ага «Алпкаракуш кыргызикус» деген ат койду.
– Кыргызстандын The Rolls деген музыкалык тобу – азыр Британиянын Ливерпуль шаарында өтүп жаткан «Битлз» фестивалына катышууда.