7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мурас» футболдук мелдешинде президенттин командасы жеңип алган 1 млн сомду кайрымдуулукка берүүнү чечти

561

Президенттин Администрациясынын командасы «Мурас» футболдук мелдешинде жеңүүчү болду.

4-5-майда Бишкек шаарында өткөн «Мурас» достук футбол мелдеши аяктады.

Оюндардын жыйынтыгында Чемпиондун өтмө кубогу жана 1 млн сомго сертификат Президенттин Администрациясынын командасына тапшырылды. Акча каражаттарын команда кайрымдуулукка берүүнү чечти.

Экинчи орунду Жогорку Кеңештин депутаттарынын командасы, ал эми үчүнчү орунду ата мекендик футболдун ардагерлеринин командасы — «Алга» ээледи.

Ошондой эле, үч номинация боюнча мыкты оюнчулар аныкталды:

— Эмил Жамгырчиев (“Жогорку Кеңеш” командасы) турнирдин мыкты дарбазачысы деп табылды;

— Садыр Жапаров (“Президенттин Администрациясы” командасы) мыкты чабуулчу деп табылды;

— Владимир Орешин (“Алга”) – турнирдин мыкты оюнчусу.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө бардык командаларды салттуу боло турган оюндардын аякташы менен куттуктады.

 

Мамлекет башчысы мамлекеттин футзалга эле эмес, спорттун бардык түрлөрүнө колдоо көрсөтүүсүнүн маанилүүлүгүн, бул калктын ден соолугуна оң таасирин тийгизерин белгиледи.

Иш-чара Кыргыз футбол бирлиги жана Президенттин Администрациясы тарабынан уюштурулду. Мелдештерге 12 команда катышты.

Алар: Президенттин Администрациясы, Жогорку Кеңеш, ата мекендик футболдун ардагерлери, дипломатиялык корпустун жана дин өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, медицина кызматкерлери, мугалимдер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана спорт федерацияларынын өкүлдөрү, бизнес коомчулугу жана маданият ишмерлери.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

562