7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мурас-Ордодогу окуучунун өлүмү. Ага-ининин апасы үн катты

1035

«Мурас-Ордо» конушундагы инисин өлтүрүүгө шектүү катары маркумдун байкеси кармалган. Ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен 18-мартта Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге 2 айга камалган. Ага-ининин апасы баласынын бир тууганын өлтүргөнүнө ишенбейт жана ал бул окуянын ачыгына жетүүгө даяр.

Ал эми, Бишкек шаардык ИББдин басма сөз кызматы Мурас-Ордодогу 13 жаштагы баласынын өлүмү боюнча кайрылган апасынын билдирүүсүнө жооп берип, тергөө жана ыкчам издөө иштери учурдагы мыйзамга ылайык жүргүзүлгөнүн билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган бала — 2004-жылы туулган А.С. мыйзамдуу өкүлүнүн, жактоочунун жана социалдык кызматкердин катышуусунда күнөөсүн мойнуна алды. Ошондой эле күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар.
Тергөө учурунда маанилүү далил буюмдар алынган

Ошондой эле, ШИИББ трагедиялуу окуяны, адамдардын күйүтүн жасалма резонанс жаратуу үчүн пайдаланбоого, элге туура эмес маалымат таратпоого чакырды.

Көз жумган бала талма оорусу менен жабыркагандыктан дайыма көзөмөлгө муктаж болгон. Окуя болгон күнү ата-энеси жумушка кетип, аны 10-класстагы агасы карап калган. Ата-энеси кайтып келгенде кичүүсү каза болуп, тун уулу үйдө жок болгон. Кийинчерээк ал качып кеткени аныкталган.

Өспүрүм камыштардын арасынан табылып, сурак учурунда иниси экөөнүн ортосунда уруш чыгып, бычак шилтегенин айткан.

Шектүү 18-мартта Биринчи май райондук соту тарабынан СИЗО-1 мекемесине камалган. Ал 18-апрелге чейин тергөө изоляторунда болот.

Эскерте кетсек, 17-мартта Мурас-Ордо конушунда өспүрүмдүн сөөгү апасы тарабынан табылган. Каза болгон А.М. 11 жашта болчу, анын туугандарынын айтымында, ал талма оорусу менен ооруган жана ал ар дайым жакындарынын карамагында болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, бир туугандардын ортосунда уруш чыгып, натыйжада А.С., инисин бычак менен сайган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1036