Өзгөндө 33 жаштагы тургунду уруп кеткен, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Өзгөн РИИБине 21-сентябрдаОш шаарынын Төлөйкөн кичи районунун 33 жаштагы тургуну А.А. арыз менен кайрылып, 21-сентябрь саат 23:30 чамасында Өзгөн районунун Куршаб айылындагы Элиме аталышындагы кафесинин алдында, аны 30 жаштагы А. уулу А. 38 жаштагы Х. уулу Н. аттуу кишилер эч бир себепсиз оозго алгыс сөздөр менен тилдешип, жанындагы кол телефонун жерге чаап, талкалашып, колдору менен урушуп, денесине жаракаттарды келтиришкендигин билдирип, бул окуя боюнча мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
- Өзгөн РИИБнин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттин негизинде шектүүлөр ошол күнү кармалган. Шектүү катары кармалган 38 жаштагы Х. уулу Н. 2004-2013-жылдар аралыгында 2 ирет тоноочулук, 2 ирет бейбаштык жана 1 ирет адам өлтүрүү фактысы менен соттолгон. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
- Ал эми шектүү 30 жаштагы А. уулу А. тоноочулук фактысы менен мурда соттолгону белгилүү болду.
Бул факты Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган, учурда тергөө иштери улантылууда.