Кара-Суу районунда ата-энеси жок 3 тургунга, прокуратуранын талабы менен турак жай курууга кезексиз жер бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык, Жоош айыл өкмөтүнүн тургундары, ата-энесинен ажырап калган У.К., С.Н. жана А.К. жарандардын ар бирине үй куруу үчүн 0,06 га жер тилкелери бөлүнүп берилди.
«Мыйзамдарга ылайык, жетим балдарга, ошондой эле ата-эненин кароосунан ажыраган балдарга турак-жай же жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш. Турак жайы жок жетим балдардын укуктарын коргоо максатында Ош облустук прокуратурасы тарабынан Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын атына талап келтирилген. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, аталган айыл өкмөттүн чечими менен жогоруда көрсөтүлгөн жашы жете элек жарандарга жер тилкелери бөлүнүп, аларга укук күбөлөндүрүүчү документтер берилди» -деп жазылат.