Бишкек шаарынын К.Тыныстанов көчөсүндөгү «Ак-Кеме» бала бакчасынын жанында жайгашкан мамлекеттик бала бакчанын эки кабаттуу имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Тактап айтканда, 1995-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын мурдагы кызмат адамы ошол кездеги нормаларды жана жоболорду бузуу менен, мурда Бишкек шаарындагы мамлекеттик бала бакчанын ашканасы жана кир жуучу жайы болгон бул социалдык багыттагы мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргени аныкталган.
Аталган объекттин ээси бул мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүп, өз ыктыяры менен кафе катары пайдаланган эки кабаттуу имаратты жанаша жаткан жер тилкеси менен мамлекеттин пайдасына өткөрүп берүүнү билдирген.
Учурда тергөө иштери уланууда.