Бишкекте муздак сууга жана канализацияга тарифти көтөрүү сунушталып, токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинин сайтында коомдук талкууга коюлду.
- Суу менен жабдууга – ичүүчү сууну берүүгө тарифтер (1 куб метри үчүн, салыксыз)
 - Калк үчүн — 10,45 сом (азыр 8,10 сом);
 - Бюджеттик мекемелер — 12,95 сом (азыр 9,10 сом);
 - Башка керектөөчүлөр — 18,50 сом (азыр 13 сом);
 - Сууну бөлүштүрүүгө (канализация) – агынды сууларды кабыл алууга жана тазалоого тарифтер (1 куб метри үчүн, салыксыз):
 - Калк үчүн — 3,45 сом (азыр 2,30 сом);
 - Бюджеттик мекемелер — 4,50 сом (азыр 3 сом);
 - Башка керектөөчүлөр — 9 сом (азыр 6 сом);
 
«Көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөөгө жаңы тарифтер сунушталууда. Бир чарчы метр жалпы аянт үчүн бир жылга 15,10 сом өлчөмү каралууда»,- деп берилет маалыматта.



