Бүгүн, 3-февралда Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдеште Айсулуу Тыныбекова күчүн сынайт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, мелдеш 1-5-февралда Загреб шаарында өтүүдө. Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин тандоо турунан баштап катышат. Тыныбекованын алгачкы атаандашы кытайлык Сяоцзюнь Луо (Xiaojuan Luo) болот. Ал буга чейин Азиянын эки жолку чемпиону (2015, 2019-жылдары) болгон.
Беттеш бүгүн Бишкек убактысы менен саат 15:00дө башталат.
Эскерте кетсек, аталган мелдешке Айпери Медет кызы (76 кг) дагы катышууда. Ал 4-февралда Бишкек убактысы менен саат 15:00дө килемге чыгат.