7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрөттөн каза болгон 19 жаштагы келиндин өлүмү. Бир катар дырыгерлер кызматтан алынды

585

Саламаттык сактоо министрлигинде министр Гүлнара Баатырованын төрагалыгы алдында энелердин өлүмүн азайтуу боюнча республикалык комиссиянын отуруму болду. Анда Ысык-Ата Жалпы дарыгерлик практика борборунда 19 жаштагы келиндин төрөт учурунда каза болгон окуясы каралды.

Анда министрликтин Медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева бул иш боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырды.

«Каза болгон 19 жаштагы жаңы көз жарган эненин өлүмү полиоргандык жетишсиздиктин натыйжасында сепсистин өнүгүшүнөн болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жана гистологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек болгондуктан, мындай корутунду берилген медициналык документтердин негизинде чыгарылган», — деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө министр Гүлнара Баатырова эне менен баланын ден соолугун коргоо саламаттыкты сактоо тармагынын ишинде ар дайым артыкчылыктуу багыт болуп келгендигин жана боло берээрин белгиледи.

«Жаш эненин өлүмү анын үй-бүлөсү үчүн дагы, биз үчүн дагы чоң трагедия. Эмне үчүн биринчи баскычтан баштап, үчүнчү деңгээлге чейин биз, дарыгерлер, анын абалын көз жаздымда калтырдык? Мындай абал райондун эки саламаттык сактоо уюмунун ортосунда макулдашылбаган аракеттер болгондугун, райондук ЖДПБ тарабынан тийиштуу көзөмөл жок экендигин айгинелейт. Ар бир бейтаптын, ар бир эне жана баланын өмүрү үчүн биз акырына чейин күрөшүшүбүз керек. Бардык кемчиликтер үчүн күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алышы керек», — деди министр.

Отурумдун жыйынтыгында ыкчам акушердик жардамды сапаттуу көрсөтүү боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарынын иш-аракеттерин жетиштүү координация жасабагандыгы үчүн Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Б.К.Мамытовага сөгүш жарыяланды. Ал эми эненин өлүмүнө алып келген ыкчам акушердик жардам көрсөтүүнү начар уюштургандыгы үчүн Ысык-Ата райондук ЖДПБнын директору Мукаева Р.М., директордун орун басары Сабырова Н.Э., ЖДПБнын төрөт бөлүмүнүн башчысынын м.а. Бегалиева А.Н.; Санавиация тармагындагы функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн (санавиациянын линиясы аркылуу чыгуудан баш тарткандыгы үчүн) №1 төрөт үйүнүн акушер-гинекологу А.М.Маматалиев ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле Ысык-Ата райондук ЖДПБнын айрым кызматкерлерине укук коргоо органдары тарабынан юридикалык баа берилгенден кийин чара көрүлөрү айтылды.

Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине ишенип берилген уюмдарда кош бойлуу, төрөй турчу жана төрөгөн аялдарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүлүшүн катуу көзөмөлгө алууну камсыз кылуу, сапаттуу медициналык жардамга муктаж аялдарды координациялоо жана багыттоо боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.

«Медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу үчүн медициналык деңгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу үчүн методикалык жана практикалык жардам көрсөтсүн», — деген жыйынтык чыгарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

586