7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Музейдеги экспонаттар тууралуу маалыматтар санариптештирилет

555

Кыргызстандагы мамлекеттик музейлердин буюмдарын жана коллекцияларын, тарыхый булактарын жана баалуулуктарын эсепке алуунун автоматташтырылган системасы иштелип чыгууда. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди.

Мындай кадам Музей фондунун мамлекеттик электрондук каталогун түзүү максатында ишке ашырылууда.

Анда музей буюмдарын кабыл алуу жана эсепке алуу, музейде предметтин орун которууларын документ түрүндө тариздөө, инвентардык жана келип түшкөн китептерде музей буюмдарын каттоо, инвентардык карточкаларды басып чыгаруу, реставрациялык иштердин эсебин алуу, иш-чараларды жана көргөзмөлөрдү пландаштыруу, ар кандай критерийлер боюнча буюмдарды издөө, маалыматтар базасы боюнча толук тексттик издөө жана отчеттуулукту жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү бар.

Учурда Г.Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи, “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси, М.В. Фрунзе мемориалдык үй-музейи жана Т.Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи тиешелүү иштерди алып барып жатат.

Аталган система 2024-жылдын 1-апрелине чейин тесттик режимде иштейт. Мамлекеттик катологду түзүү жана иштеп чыгуу үчүн бюджеттен акча каражат каралган.

556