7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мыйзам Нуру коррупцияга каршы коомдук жардам» бирикмесинин мүчөсү пара менен кармалды

708

“Мыйзам Нуру Коррупцияга каршы коомдук жардам” коомдук бирикмесинин мүчөсү пара талап кылуу учурунда кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) туралуу козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, акча каражатын алып жаткан жеринен “Мыйзам Нуру Коррупцияга каршы коомдук жардам” коомдук бирикмесинин инспектору Т.Г.Б. кармалды.

Такталгандай, жогоруда аталган жаран Жалал-Абад облусундагы бала бакчалардын биринин директорун, колунда бар делген компроматты укук коргоо органдарына өткөрүп берем деген коркутуу менен акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

709