7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган Салиевдин мүлктөрү туугандарына катталган

416

Президенттин аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев менен байланышкан адамдарга катталган кыймылсыз мүлк 900 миң долларга (70 млн сомго) бааланат.

Салиев 16-июнда мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган жана 2 айга УКМКнын абагына камакка алынган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Салиев мүлктөрүн тастыкталган киреше булагы жок туугандарына жана аффилирленген адамдарга каттап койгон.

Алдын ала маалыматка караганда, Салиев бир тууганынын күйөөсүнө Бишкек шаарындагы төмөнкү кыймылсыз мүлктөрдү каттаган:

  • — Ч.Айтматов проспектисиндеги №91 үйдөгү квартира. Ал жакта Салиев өзү жашайт;
  • — Элебаев көчөсүндөгү бүтө элек объект (паркинг);
  • — бүтө элек объект — Элебаев көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай;
  • — Элебаев көчөсүндөгү №2 көп кабаттуу үйдөгү квартира;
  • — Элебаев көчөсүндөгү №2 көп кабаттуу үйдөгү дагы бир квартира.

Ошондой эле Салиевдин аялынын эжесине Матросов көчөсүндөгү турак үй катталган (наабайкана).

Андан тышкары «Астра Плюс» ЖЧКсы Ош шаарында көп кабаттуу үй куруп жатканда Салиев инисинин жубайы М.Г. аркылуу Навои көчөсүндөгү «Датка» турак жай комплексинин курулушуна катышуу жөнүндө келишим түзгөн. Тактап айтканда 50 млн 247 миң сомго бааланган офистер үчүн ыңгайлашкан 844,5 чарчы метр аянтты сатып алган.

2016-2020-жылдардагы кирешелер жөнүндө декларацияларда Салиев иштеген жеринен гана киреше аларын көрсөткөн. Ошондой эле жылкы, ири мүйүздүү жана кичи мүйүздүү малдан түшкөн кошумча киреше булагы бар болчу.

Ага ылайык, Салиев 2016-жылы 137 миң сом, 2017-жылы 1 млн 116 миң 286 сом, 2018-жылы 2 млн 672 миң сом, 2019-жылы 1 млн 910 миң сом, 2020-жылы 2 млн 358 миң сом киреше тапкан.

Башкача айтканда 2016-2020-жылдардагы жалпы кирешеси 8 млн 195 миң 939 сомду түзгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

417