7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 24 жаштагы бала каза болду, шектүү 1 эле жолу бетке урганын айтат

3101
Ош шаарында кызуу абалында сөз талаша кеткен жигиттердин тартышы адам өлүмү менен аяктады. 22 жаштагы жаран, 24 жаштагы баланы бетке бир уруп өлтүрүп алган. Шектүүнүн жана убөлөрдүн айтуусу боюнча алар маркум А.А.нын бетине суу чачып, жасалма дем алдырып куткарып калууга аракет кылышкан. Натыйжа болбогон соң, такси менен Ош облусттар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткиришкен.
20-июнь күнү саат 06.20 чамасында Ош ШИИБнын нөөмөт бөлүмүнө  даарыгери, такси аркылуу аталган ооруканага белгисиз жашы 20-25 жаштагы эркек баланын жансыз денеси жеткирилгендиги боюнча билдирген.
Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, 23.03.1997-жылы туулган А.Анын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлгөн учурда денесинде жараттары бар экени байкалган.
Кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Ош шаарынын тургундары 1999-жылы туулган жарандары Э.Ы,  Г.Э жана А.Элер кармалып, тергөөгө чакырылган.
Алгачкы көргөзмөдө алардын кызуу абалда болгондугу айтылат.  Сөз талашып уруша кетип Э.Ы. маркум А.Аны колу менен бетке урганын моюндаган.
Маркум жыгылган кезде бетине суу чачып, жасалма дем алдырып, болбогон соң ооруканга жеткиргенин айтышкан.
Ош ШИИБи бул фактына 130 берене менен каттап, сотко чейинки өндүрүштү улантууда. Өлүккө сырттан короо жүргүзгөн учурда, А.Анын дененсинде жараты бар экендиги аныкталды. Кылмышка шектүүлөр Ош ШИИБнин убактылуу армоочу жайына киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3102