21-июнга караган түнү Ош шаарында окуучу кыз мектептин турнигине асынып каза болду. Маалыматты Ош ШИИБинин маалымат кызматы тастыктады.
«Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 20-июндан 21-июнга караган түнү саат 03:00 чамасында 17 жаштагы кызы асынып алгандыгы тууралуу апасы кабар берген. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге, тактап айтканда Курманжан Датка кичи шаарчасындагы окуу жайлардын спорттук аянтчасына барып, ал жерде Ош шаарынын 2004-жылы туулган Б.А аттуу кыз белгисиз себептерден улам спорттук турнике асынып каза болгонун аныкташкан. Каза болгон 2004-жылы туулган Б.Анын жансыз денесини туугандары соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышты жана эч кимге арыз доосу жок экенин билдиришти. Аталган окуя Ош ШИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталап, иликтөө иштери уланууда«, -деп билдирет Ош ШИИБинин маалымат кызматы.