7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз косметология. Бишкекте пластикалык хирург кармалды

377

Ички иштер министрлиги сертификаты жок косметикалык каражаттарды жана медициналык буюмдарды контрабандалык жол менен мыйзамсыз алып өтүүгө жана сатууга байланышкан мыйзамсыз аракеттерди токтотту.

Ведомстводон билдиришкендей, Ички иштер министрлигине сертификаты жок косметикалык каражаттар жана медициналык буюмдар мыйзамсыз сатылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түштү. Бул каражаттар Кыргызстандын аймагына бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөбөстөн, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинен тийиштүү көзөмөлдөн өтпөстөн мыйзамсыз жол менен алынып келингендиги аныкталды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Мындан сырткары, 29-августта Бишкектеги пластикалык хирургия клиникаларынын биринде да тинтүү жүргүзүлүп, тиешелүү сертификаттары жана колдонууга уруксаты жок косметикалык каражаттар табылды. Дарыгерлердин бирине пластикалык операциядан жабыркаган жарандардын арыздарынын негизинде кылмыш иши козголуп, 1982-жылы туулган жаран кармалды.

378