Криптобиржы жана криптомайнинга кызматтарын көрсөтүүгө жамынып, тиешелүү документтеринин уруксаттары жок «Р.Г.» ЖЧКсынын мыйзамсыз оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгү аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз аракеттерден ири суммадагы акча каражаттары табылып алынган. Мындан тышкары, тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында, иш жүзүндөгү кирешени жашыруу документтештирилген фактылар аныкталды.
Учурда жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар адамдарды, ошондой эле бюджетке келтирилген зыяндын суммасын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.