Чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн Баткен облусунун 50 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Аталган жаран чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп, чет өлкөгө бир нече жолу кирип-чыккан.
Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.