7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз менчикке чыгарылган мурдагы бала бакча мамлекетке өттү

370

Мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 366 миллион 185 миң сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Бишкек шаарынын жумушчулар шаарчасында жайгашкан 0.29 га аянты менен бала бакчанын имараты мамлекеттик ишкананын балансынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылып кеткендиги аныкталган.

Бул мүлк мурда «Кыргыз Темир» АКнын балансында болуп, 1990-жылы Б.Г.Ш. аттуу жаранга жеке менчикке мыйзамсыз берилген.

Тактап айтканда, президенттин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 “Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгынын жана өкмөттүн 1995-жылдын 9-октябрындагы № 421 «КР социалдык инфраструктурасынын объектилерин пайдалануу программасын бекитүү жөнүндө» токтомунун талаптары сакталган эмес.

Натыйжада бала бакчанын имаратынын ээси бул социалдык мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, болжолдуу наркы 366 185 000 сом болгон имаратты өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтарып берди.

 

371