Мыйзамсыз менчиктештирилген 6 млн. 759 миң сомдук жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ново-Покровка айыл өкмөтү менен М.А. аттуу жарандын ортосунда Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында жайгашкан, аянты 659,02 чарчы метр бала бакчанын имаратын болгону 123 миң сомго сатуу-сатып алуу боюнча мыйзамсыз келишим түзүлүп, кийинчерээк М.А. тарабынан бала бакчанын имараты тартуулоо келишими боюнча башкаларга өткөрүлүп берилгендиги такталган.
Ошондой эле, көрсөтүлгөн айыл өкмөтү тарабынан жогорудагы М.А. аттуу жаранга Ново-Покровка айылындагы аянты 5222,74 чарчы метр болгон, баасы 6 759 800 сомдук жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарылган. Аталган жер үчүн жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты дагы алынган. Жогорудагы белгиленген объектилерди мамлекетке кайтаруу максатында, прокуратура тарабынан Ысык-Ата райондук сотуна жана Чүй облусунун райондор аралык сотуна доо арыздар киргизилген.
Соттук кароонун жыйынтыгы менен доо арыздар толук канааттандырылып, айыл өкмөтүнүн чечимдери жана жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акты мыйзамсыз деп табылган. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган объектилер муниципалдык менчикке кабыл алынды.