7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз менчиктештирилген жер мамлекетке кайтарылды

303

Жети-Өгүз районуда мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 17 га жер мамлекетке кайтылды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

2019-жылдан 2024-жылга чейинки аралыкта Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан, Кызыл-Суу айылынын жашоочуларына 9 га жер тилкесин, көп жылдык мөмө-жемиш бактар отургузулган делген шылтоо менен бир топ мыйзам бузуулар аркылуу жеке менчикке чыгарылган.

Ушундай эле факт боюнча 2018-жылы Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары райондун тургундарынын бирине 8 га жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып беришкен. Бирок, жеке менчикке өткөн учурдан бүгүнкү күнгө чейин ал жерлерде өнүктүрүү, жакшыртуу боюнча эч кандай иштер жүргүзүлгөн эмес.

Тиешелүү жарандар мамлекеттин жерлерине ээлик кылуусунун мыйзамсыздыгын мойнуна алышып, Жети-Өгүз районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына кайтарып беришти.

Атайын кызмат тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз өткөн жер тилкелерин аныктоо жана аларды кайра мамлекетке кайтаруу боюнча иштер уланууда.

304