7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз сый акы алуу фактысы боюнча Базар-Коргон Райондук электр тармагынын юристи кармалды

802

Мыйзамсыз сый акы алуу фактысы боюнча Базар-Коргон Райондук электр тармагынын юристи кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-февралында КР УКМК ККК сотко чейинки өндүрүшкө КР Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренеси (Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы менен биргеликте, Жалал-Абад областынын талап кылган акча каржатынын бир бөлүгүн алып жаткан учурунда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон Райондук электр тармагынын юристи «А.Н.К.» кармалды.

Такталгандай, кармалган адам жергиликтүү тургундан, электр энергиясын өндүрүштүк керектөөгө пайдаланууга байланыштуу, салынган айып пул маселесин оң тарапка чечип берүү үчүн, 50 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган, ал эми анын негизги бөлүгүн мурда алган.
Азыркы учурда бул факт КР Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.

803