7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мындай оор кырдаал мага чейинки бир дагы Президенттин шыбагасына жазылган эмес

7500

Мындай экономикалык оор кырдаал мага чейинки бир дагы Президенттин шыбагасына жазылган эмес, ал тургай казынаны 20 млрд дефицити менен кабыл алдым.

Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы конституцияны кабыл алуу аземинде, түз эфирде билдирди.
«Атпай журт айттырбай туюп, көрүп билгенди мен да билип турам. Ошол эле учурда азыркыдай экономикалык оор кырдаал, кризистик жагдай, мага чейинки бир дагы президенттин шыбагасына жазылган эмес. Эңшерилген экономика, түбү түшкөн казына, ал тургай казынаны 20 млрд дефицити менен кабыл алдым. Анысы аз келгенсип, пандемиянын кесепетинин баардык өлкөлөр менен карым катнаш, соода сатык бүгүнкү күнгө чейин токтоп турат. Мен өткөндү жамандап, акаарат айтып күнөөлүүлөрдү издегим келбейт. Данышман элибиз кимдин ким экенин ансыз деле жакшы билет«-деди Президент.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

7501