7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров чек арада курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскерди

474

Бүгүн, 5-майда, Мамлекет башчысынын өлкө элине кайрылуу жасоо иш-чарасында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана бул иш-чаранын катышуучулары Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуялар учурунда курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскеришти.

Мамлекет башчысы кыргызстандыктар өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч жараткан  окуяларга күбө болушкандыгын белгиледи.

Ал тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлгөндүгүн баса белгилеп, бул окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жаракат алгандарга дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтты.

«Мен талкаланган айылдарды тез арада калыбына келтирүүнү баштоо боюнча тапшырма бердим. Жапа чеккен жарандарга мамлекет тарабынан толук колдоо көрсөтүлөт. Эң кыска мөөнөттө жабыркаган калктуу конуштардагы жарандарыбыздын жашоосун калыбына келтирүү жана нормалдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлөт», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

475