Президент Садыр Жапаров “Айрым коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Аталган мыйзам КР Конституциялык сотунун 2023-жылдын 7-июнундагы чечимин аткаруу максатында кабыл алынган.
Алсак, кабыл алынган мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:
1) “Кесиптик бирликтер жөнүндө” жана “Саясий партиялар жөнүндө” КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, аларга ылайык:
– кесиптик бирликтердин жана саясий партиялардын кирешелеринин өлчөмдөрү жана түзүмү, ошондой эле мүлкүнүн өлчөмдөрү жана курамы, алардын чыгымдары жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албайт;
– кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен иш жүргүзгөн кесиптик бирликтер жана саясий партиялар жыл сайын 1-апрелге чейин ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө өткөн жыл үчүн жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, пайдаланылган жана ээликтен ажыратылган мүлк жөнүндө маалыматтарды жайгаштырат;
2) “Кооперативдер жөнүндө” жана “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, аларга ылайык кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен иш жүргүзгөн коммерциялык эмес кооперативдер жана юстиция органдарында катталган диний уюмдар жыл сайын 1-апрелге чейин ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө өткөн жыл үчүн жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, пайдаланылган жана ээликтен ажыратылган мүлк жөнүндө маалыматтарды жайгаштырат.