7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулда 100 орундуу оорукана курулууда

289

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Токтогул районуна болгон иш сапарында бир катар социалдык объектилердин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө райондук оорукананын жана балдар үчүн реабилитациялык борбордун курулушунун абалы менен жеринде таанып, курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Токтогул райондук ооруканасы үч негизги корпустан турат — жугуштуу оорулар, балдар жана терапия бөлүмдөрү бир имаратта жайгашкан. Бул абал эпидемиологиялык жактан кооптуу болуп, санитардык талаптарга жооп бербей келет.

Жаңы курулуп жаткан имарат үч кабаттуу болуп, 100 керебетке ылайыкташтырылат жана заманбап медициналык кызмат көрсөтүү талаптарына жооп берет.

Ошондой эле оорукананын аймагында балдар үчүн өзүнчө реабилитациялык борбордун курулушу да башталган. Ага катар Токтогул шаарында 750 орундуу мектептин курулушун баштоо даярдыктары жүрүүдө.

Белгилей кетсек, башталган курулуштар 2026-жылдын соңуна чейин бүтөрүү пландалууда.

290