Үч аркар ооп, күз күчүнө кирейин деп, борошологон жамгыр кээде карга айланып, кээде мөндүргө айланып турган, жылкы токтоп, уй байланып калган учурда Хан Ормон жигит-жалаңы менен бөрү жүрүшкө сала өргөөсүнө жакындап калганда, үзүктөй булут кара буурулга айланып, жамгыр чакадан куйгандай төгүлө баштайт. Аягы уй томуктай мөндүргө өткөндө, Хан өргөөнүн эргилчегинде бурай байланган ак жоолукту көрүп, аттан түшпөй туруп калат.
Арттагы жигитердин бири бастырып келип, «Ээ Ханым, суу болуп кеттик…, өз өргөөңдөн кетенчиктеп, тизгин тартканга жол болсун…» дегенде, Ормон хан колун көтөрүп: «Тынч тургула! Өргөөдө КЕЛИН бар экен!» – дейт.
Ирмем өтө электе эргилчек серпиле, ичкериден келин чыгып: «Арыбаңыз хан ата, өргөө ээсине даяр» – деп, колун бооруна ала, ийиле жүгүнгөндө, «бар бол, Кудай этегиӊден жалгасын!» деп, КЕЛИНДИ алкаган Хан Ормон аттан түшүп, өргөөнүн астанасын аттаган экен.
Катар басса кан чыдабаган,
Жакын басса жан чыдабаган, каарданса кар боройлоткон улуу Нарк атанын каны, эненин сүтү менен боюна өткөн Ормон хан да келин кирген өргөөсүнө кире албаган.
Наркына ханы да баш ийген уюткулуу улуу журт: «Хан бийлигинен Нарк бийик» деп бекеринен айтпаса керек.
Баркынан да Наркын бийик туткан, намыстуу элдин урпагы экенибизди эстен чыгарбайлы!
Посмотреть эту публикацию в Instagram