7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын дарыясына түшүп кеткен айдоочунун сөөгү табылды

314

Бүгүн, 15-августта көпүрө сынып, жүк ташуучу унаасы менен Нарын дарыясына түшүп кеткен айдоочунун сөөгү табылды.

Белгилей кетсек, бүгүн дайынсыз болуп жаткан айдоочуну издөөгө 198 адам тартылган. Алардын арасында ӨКМдин куткаруучулары, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар болгон.

Эске салсак, 13-август күнү Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарын бириктирип турган ички чарбалык унаа өтүүчү жыгач көпүрөдөн КАМАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда көпүрө сынып, унаа Нарын суусуна кулап түшүп, унаанын айдоочусу 1984-жылы туулган А.А. аттуу эркек киши дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери издөө улантылып келген.

315