Нарын дарыясына түшүп кетип, дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кызды издөөгө бүгүн жалпы 44 адам тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Анын ичинде ӨКМдин 15 куткаруучусу, Ички иштер министрлигинин 22 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 7 адам бар.
Эскерте кетсек, Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-жылкы өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери издөө уланууда.