7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте ТМУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтүп жатат

338

Бишкекте бүгүн, 6-ноябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин журналисттерге билдиргенине караганда, кеңеште ТМУнун бүгүнкү 11-саммитинин күн тартиби бекитилет.

«ТМУ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрликтери менен биргеликте саммитте сунуштала турган документтерди иретке келтиребиз. Биринчи кезекте бүгүн төрагалыкты Казакстандан кабыл алабыз. Уюмдун бир жылдык иш планы талкууланат. Кеңеште негизги документ болуп Бирдиктүү декларация саналат, ал биздин мамилелерди, келечектеги перспективаларды камтыйт, ошондой эле Жашыл экономика Концепциясы дагы маанилүү документ болуп саналат. Эгер макул болсок, кабыл алынат. Мындан тышкары, иш тартиби жана уюштуруу бөлүгү аныкталат», — деди ал.

339