7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын облусунда электр энергиясынын лимити 5 кВтка жогорулатылды

229

Нарын облусунда электр энергиясынын лимити 5 кВтка жогорулатылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Бийик тоолуу жана климаттык шарты катаал аймакта жашаган Нарын облусунун тургундарынын кайрылууларын эске алуу менен, максималдуу жүктөм сааттарында электр энергиясын керектөө лимити 5 кВтка көбөйтүлдү.

Ошону менен катар, Нарын облусунда Президенттин Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү райондук мамлекеттик администрациялар, аймактык бөлүмдөр, Энергетика министрлиги жана «Кыргызкөмүр» ААК менен биргеликте калкты көмүр менен камсыз кылуу боюнча туруктуу негизде системалуу иштерди жүргүзүп келет.

Мындан тышкары, антимонополиялык органдар менен биргеликте көмүрдүн баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында рейддик иш-чаралар уюштурулду. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында баалардын негизсиз жогорулатылган фактылары аныкталган жок.

Жалпысынан Нарын облусу боюнча көмүрдүн баасы 5 500 сомдон ашпайт, ал эми кара алтындын жалпы запасы 3 миң тоннадан ашык. Анын ичинен болжол менен 1,5 миң тоннасы «Кыргызкөмүр» ААКнын социалдык отун базаларында топтолгон.

230