7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын шаардык прокуратурасы заманбап имараттуу болду

94

Бүгүн Нарын шаарынын прокуратурасынын жаңы административдик имараты салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти.

Буга чейин Нарын шаарынын прокуратурасынын өз алдынча имараты болбогондуктан, Нарын облустук прокуратурасы менен бир имаратта иш жүргүзүп келген. 2025-жылдын апрель айында башталган курулуш иштери толугу менен аяктап, заманбап талаптарга жооп берген жаңы имарат кызматкерлер үчүн иштөөгө ыңгайлуу шарттар жана жарандарды кабыл алууга ылайыкталган кеңири мүмкүнчүлүктөр менен камсыздалды.

Белгилей кетсек, учурда өлкөнүн бир катар аймактарында укук коргоо тутумун чыңдоо жана прокуратура кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртуу максатында мамлекет тарабынан жаңы административдик имараттар жана кызматтык үйлөр курулууда.

95