7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын: Шыкмаматов базарлардагы товарлардын акциздик маркаларын текшерди

441

Бүгүн, 25-июлда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Нарын шаарындагы базарларда акциздик маркаларды товарларда колдонуу боюнча талаптардын аткарылышын көзөмөлдөөгө багытталган рейддик иш-чарага катышты.

Ошондой эле рейдге Президенттин Иш башкаруучусу башчысы Каныбек Туманбаев катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө салыктык тартипти бекемдөө жана мыйзамсыз товар жүгүртүүнү аныктоо максатында соода түйүндөрүндө текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Шыкмаматов салык мыйзамдарын, өзгөчө акциздик маркаларды колдонуу боюнча талаптарды так сактоо зарылдыгын баса белгиледи. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында акциздик маркаларга байланышкан салык мыйзамдарынын бузуу факты аныкталды. Мыйзам бузгандарга карата тиешелүү мыйзам чегиндеги чаралар, анын ичинде айып пул салуу колдонулду.

 

442