7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын университетинин докторантура борборунун директору кармалды

1515

С.Нааматов атындагы НМУнун магистратура, аспирантура жана докторантура борборунун директору УКМКнын кызматкерине ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, 11-майда Б.М.А. аталган кызматка 4000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкты берип жаткан жеринен кармалган.

Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин жүрүшүндө аталган жаранга кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн УКМКнын ыкчам кызматкерине акчалай сыйлык сунуштаган. Ал УКМКнын кызматкери менен кылмыш ишин токтотуу боюнча сүйлөшүп жатканда бөлмөдө университеттин проректору А.Ж. да болгон. Ал мурда козголгон чет элдик абитуриенттердин ЖОЖго кабыл алынуусу жана андан ары билим алуусунда мыйзам бузуу фактылары боюнча кылмыш ишин токтотууга аракет кылган»- деп берилет маалыматта.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1516