Бүгүн, 13-майда көпчүлүк аймакта жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, бирок күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28,
Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23.
Бишкекте түнкүсүн +14…+16, күндүз +25…+27 градус болот.