Facebook социалдык тармагындагы “Куба Буба” аккаунтунун ээси этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштердин жүрүшүндө КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» боюнча “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Куба Буба” аккаунтунун ээси 1974-жылы туулган Баткен облусунун тургуну Асанов Кубанычбек Ташбалтаевич кармалды.
Ал Чүй облусунун Москва районунда кармалгандыгы жана «Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңешинин депутаты А.Мадумаровдун активдүү колдоочусу экендиги айтылат.
«К.Асанов системалуу негизде социалдык тармактар аркылуу «Куба Буба» аккаунттары аркылуу жарандарды зордук-зомбулукка жана мыйзамсыз аракеттерге үндөгөн материалдарды жайылтуу менен алектенгени аныкталган. Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, анын билдирүүлөрүндө улуттар аралык кастыктын белгилери, ошондой эле улутуна карата кастык мамиле бар», – деп берилет маалыматта.
Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.