Бүгүн, 28-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрүп, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын ички иштер башкармалыктарына дайындалган жаңы жетекчилерди өздүк курамга тааныштырды.
“Өзүңүздөр күбө болгондой, Нарын облусунун Кочкор районунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орун алган жагымсыз окуялардан улам, айрым облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилерин ротациялык түрдөгү дайындоолорду ишке ашырдык. Мекенибиз үчүн, коомчулугубуз үчүн талыкпай күн-түнү кызмат кылып, жогорку жетишкендиктерге жетүү керектигин белгилеймин. Себеби, сиздерге чоң ишеним артып, жооптуу кызматты аркалоого жана элге ак ниет кызмат өтөөгө жөнөттүк. Сиздерди дайындоонун алдында ар бириңиздер менен жекече сүйлөшүп, жарандардын коопсуздугун камсыздоону күчөтүү боюнча тапшырмаларды берип, өздүк курам арасындагы мыйзамдуулукту сактоо жана зарыл чараларды уюштуруп, жүргүзүүнү табыштадым”,- деди Улан Ниязбеков.
Ички иштер министринин буйругу менен дайындалган жетекчилер өздүк курамга тааныштырылды. Алар:
• Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Канат Жумагазиев дайындалды. Мурда ал Ысык-Көл ОИИБдин начальниги кызматын ээлеп келген;
• Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Жеңиш Абитов дайындалды. Мурда ал Ош ОИИБдин начальниги кызматын ээлеп келген;
• Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков дайындалды. Мурда ал ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги кызматын ээлеп келген;
• Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Орунбай Кочкоров дайындалды. Мурда ал ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматын ээлеген.