Баткен облусунда дээрлик эки миң жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт (кызыл китеп) жана техпаспорт даярдалды. Бул тууралуу маалымат жыйында Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын директору Абдулат Мырзаев билдирди.
“Ушул жылдын 14-декабрына карата Баткен филиалы тарабынан жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө 880 мамлекеттик акт, кыймылсыз мүлк объектилерине 847 техникалык паспорт берилген. Ал эми Лейлек филиалы тарабынан жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө 1 миң 118 мамлекеттик акт, кыймылсыз мүлк объектилерине 990 техникалык паспорт берилди. Жалпы 1 миң 998 мамлекеттик акт жана 1 миң 837 техпаспорт берилди”, — дейт ал.