7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Индиянын элчиси төрага Шакиевге кыргыз-хинди тилинин окшош сөздөрүн камтыган сөздүктү белекке берди

404

Кечээ, 27-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Арун Кумар Чаттерджини кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев алгач Арун Кумар Чаттерджини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, “Элчи катары эки элдин калыптанган достук мамилесин жигердүү өнүктүрүп, жаңы деңгээлге көтөрөсүз деген терең ишеничтемин”,– деди.

Муну менен катар Кыргызстан Индия мамлекети менен ар тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин айткан төрага, “Быйыл эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толду. Бул жылдар аралыгында жетишилген келишимдерди иш ашырып, мындан ары да байланыштарды чыңдоо башкы максатыбыз. Айрыкча экономикалык багыттагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү артыкчылыкка ээ. Анткени, 100 млн АКШ долларынын тегерегинде гана болуп жаткан соода байланыштарыбызды эселеп жогорулатуу учур талабы”, – деди.

Андан тышкары, парламенттик алакалар тууралуу да сөз кылган Төрага Индия жана Борбор Азия мамлекеттеринин парламенттик форумун өткөрүү сунушун колдоорун белгилеп, “Кыргызстан үчүн Индиянын парламенттик демократия жаатындагы тажрыйбасы өтө маанилүү”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Арун Кумар Чаттерджи жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылыгын айтып, Индия парламентинин төрагасы салам жолдогонун билдирди.

Ошондой эле элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштери тууралуу сөз кылып, инвестиция тартуу маселесине өзгөчө көңүл бурарын белгиледи. Мындан сырткары, Нурланбек Шакиевди Индияга расмий иш сапары менен барууга жана Борбор Азия мамлекеттеринин парламенттери менен өтүүчү форума катышып келүүгө чакырып, кыргыз-хинди тилинин окшош сөздөрүн камтыган сөздүктү белекке берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

405