Буга чейин Ош шаарында 28 жаштагы кош бойлуу келин күйөөсүнөн ур-токмок жеп, милицияга кайрылган. Анда, жабырлануучу күйөөсү ургандыгына байланыштуу милиция кызматкерлери тарабынан арыз алынбагандыгы тууралуу маалымат берген. Бул окуя тууралуу Ош ШИИБ төмөндөгүлөрдү билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош ШИИБнын Ак-Буура милиция бөлүмүнө тез жардам кызматынан кабар келип түшкөн. Анда, ушул жылдын 23-декабрында саат 15:40 чамасында, Ош шаарынын жашоочусу, 1994-жылы туулган Т.Ж. аталган даректе үйдүн короосунда жарандык жолдошу ургандыгы боюнча тез жардам кызматына кайрылгандыгын билдирилген.
Бул факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, күбөлөр суралган.
«Текшерүү учурунда, жабырлануучу өз көрсөтмөсүндө 28 жаштагы жарандык жолдошу менен пикир келишпестик болгон. Жолдошу уюлдук телефон менен урганда ичине тийип денесинен жараат алгандыгын, өзү кош бойлуу экендигин билдирген. Ошол эле күнү күбө катары жабырлануучунун апасы, иниси жана күйөөсү суралган. Ал эми үч айлык боюнда бар аял ооруканага тез жардам аркылуу жеткирилип, ошол маалдагы абалына байланыштуу арыз алууга мүмкүн болгон эмес. Ошондуктан жабырлануучуну ошол күнү сурак кылууга жана арыз алууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бирок, милиция бул фактыны дарыгердин билдирүүсү боюнча баштап, тиешелүү тергөө иштерин улантып келе жатат. Тергөө кызматы тарабынан денесинен алган жараатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизасы дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча текшерүү иштери улантылууда»,- деп берилет маалыматта.