7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында 5 миң орундуу заманбап мечиттин курулушу башталат

305

Нарын шаарынын Көтөрмө чөлкөмүндө ири мечиттин курулушу жакынкы күндөрү башталат. Бул тууралуу муфтияттан билдирди.

Бул облустун тарыхындагы эң чоң ибадатканалардын бири болуп, ал заманбап архитектуралык талаптар менен курулуп, 5000 адамга ылайыкташтырылган үч кабаттуу мечит болору күтүлүүдө.

Бул асыл жай — өзүнүн кооз архитектурасы жана заманбап шарты менен Нарындын көркүн арттырып, шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу жана руханий чөйрө түзөт. Мечиттин аймагында төмөнкүдөй маанилүү объекттердин курулушу пландалган:

  • Казыят борбору жана аялдар борбору – диний билим берүү жана коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылат;
  • Үч кабаттуу медресе имараты – имамдарга жана диний кызматкерлерге терең билим берүү үчүн;
  • Ыңгайлуу унаа токтоочу жай – зыяратчылар үчүн жеткиликтүү жана коопсуз шарт түзөт;
  • Балдар аянтчасы – кичинекей бөбөктөр үчүн коопсуз жана кызыктуу эс алуу жайы;

Мечиттин айланасы өзгөчө архитектуралык эстетикага ылайык кооздолуп, ар бир чарчы метри жашылдандырылып, тургундар үчүн эс алуу аймагына айландырылмакчы.

Иштин башталышына зор салым кошкон жеке ишкер Айбек Моңолов ири долбоор үчүн жалпы аянты 23 000 чарчы метр жер тилкесин өз каражатына сатып алып, Нарын казыятынын балансына расмий түрдө өткөрүп берди.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын жаз айларында курулуш иштери расмий түрдө башталат.

306