7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо мектеп директорлорунун катышуусунда жыйын өткөрүлдү

216

УКМК Каракол шаарында мектеп директорлорунун катышуусунда жыйын өткөрдү. Жыйындын негизги максаты – билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү талкуулоо жана корупцияга каршы күрөштү күчөтүү, мектеп окуучулары арасындагы рэкетчиликти жоюу, синтетикалык баңгизатка каршы күрөшүү жана түшүндүрүү иштерин колго алуу болуп саналат.

Андыктан жыйындын алкагында окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу, мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу жана ата-энелер менен тыгыз кызматташтыкты бекемдөө сунушталды.

Предметтик олимпиадаларда жеңишке жетишкен окуучуларды жана аларды даярдаган мугалимдерге дем берүүчү атайын программаларды ишке ашыруу зарылдыгы кошумчаланды.

Ошондой эле, мектептеги коррупциянын алдын жана ага каршы күрөшүү боюнча бир катар маселелер талкууга алынып, коррупцияга байланыштуу терс көрүнүштөр башталгыч класстан башталары белгиленди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Каракол шаардык билим берүү бөлүмү формалдуу отчетторго ээ болгону менен, иш жүзүндө мектеп окуучуларынын натыйжалуу жетишкендиктери болгон эместиги сынга алынды. Алсак, шаардык, облустук, республикалык предметтик олимпиадаларда тыянактуу жыйынтыктар чыкпай жаткандыгы, билим берүүнүн сапатынын эң төмөнкү абалга жеткендигинен кабар берет. Аны менен катар, Ысык-Көл облусунда “Алтын тамга” атестатына ээ болгон окуучулар жок. Андыктан, мектептерде коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүү, балдардын укуктарын коргоо жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча конкреттүү кадамдар белгиленди.

Расмий маалымат боюнча Ысык-Көл облусунун аймагында 190 мектеп бар. Анда 100 179 окуучу билим алат. Мугалимдердин саны 7 150. Бир мугалимге 14 окуучудан туура келет. Кадр тартыштыгы бар, 57 педагог жетишпейт.

Белгилей кетсек, облуста 31 мектеп бир нөөмөт менен билим берет. Ал эми 154 мектеп 2 нөөмөт менен иштесе, дагы 5 мектепте окуу процесси 3 нөөмөт менен жүрөт. Негизинен Каракол шаарындагы мектептер балдардын санынын көптүгүнөн 3 нөөмөт менен иштөөгө аргасыз. Маселен бир класста 50 окуучу окуган учурлар да бар. Каракол шаарынын аймагында 12 муниципалдык жалпы билим берүү мекемеси бар. Аларда 18 123 окуучу окуйт. Жыл сайын Каракол шаарындагы мектептерден алты жүзгө жакын бүтүрүүчү окууну аяктайт.

217