Нарында өспүрүм кызды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 7-каналга Нарын ОИИБден билдиришти.
28-апрель күнү Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну милицияга 2016-жылы туулган кызы мектептен саат 15:30 чамасында чыгып, ошол бойдон үйүнө келбей жатканы тууралуу маалымдаган.
Тергөөнүн жүрүшүндө төмөндөгүлөр аныкталган:
7 жаштагы кыз Нарын районунун Орто-Нура айылында жайгашкан сарайдагы үйүнөн айылдагы орто мектепке жөө барып келип окуп жүргөн. 28-апрель күнү түштө өзү жалгыз мектепке кетип, ошол бойдон кайтып келген эмес.
Айылдын элдери чогулуп издеп башташып, болжол менен саат 22:10 чамасында анын жансыз денеси Орто-Нура айылында киши жашабаган үйдүн ичинен табылып, күч колдонулган белгилери аныкталган.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Кылмышка шектелип Орто-Нура айылынын 1959-жылы туулган тургуну мас абалында кармалган. Шектүү Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Бул факт ИИМдин жана Нарын ОИИБдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды.